Көк бөрү: “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын кайрылуусу тарады
Көк бөрү боюнча “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын кайрылуусу тарады. “Бүгүнкү оюндан кийин түшүнбөстүк болуп кетти. Күйөрмандардын айынан. “Ынтымак” менен “Достук” бирге”, - дешти улакчылар.
”Достук” командасынан Манас Ниязов бөлүнбөөгө чакырды. “Достук” күйөрмандарынын атынан кечирим сурайбыз. Ынтымагыбыз өсүп, жүрө берели”, - деди ал.
31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду жогорку лигада “Ынтымак” жеңди. Финалдык беттеште “Ынтымак” менен “Достук” кез келип, эсеп сандар 2:1 менен “Ынтымактын” жеңиши" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sport-kabarlar/kok-bory-prezidenttin-kubogun-yntymak-jendi/">жеңиши менен аяктаган.
Күбөлөр жазгандай, оюн массалык башаламандык менен аяктады. Күйөрмандар калыска нааразы болуп, оюн талаасына чуркап жөнөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/oshtogu-kok-bory-massalyk-bashalamandyk-menen-ayaktady-video/">салышкан.