Көк бөрү: "Достук" командасы Өмүрбек Эсен уулуна аргымак тартуулады
"Достук" командасы "Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулуна ак калпак, чапан кийгизишип, аргымак тартуулады.
31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду жогорку лигада “Ынтымак” жеңди. Финалдык беттеште “Ынтымак” менен “Достук” кез келип, эсеп сандар 2:1 менен “Ынтымактын” жеңиши" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sport-kabarlar/kok-bory-prezidenttin-kubogun-yntymak-jendi/">жеңиши менен аяктаган. Күбөлөр жазгандай, оюн массалык башаламандык менен аяктады. Күйөрмандар калыска нааразы болуп, оюн талаасына чуркап жөнөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/oshtogu-kok-bory-massalyk-bashalamandyk-menen-ayaktady-video/">салышкан. Ал эми ошол эле күнү көк бөрү боюнча “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын кайрылуусу тарады. Андан алар элди бөлүнбөөгө чакырган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kok-bory-yntymak-jana-dostuk-komandalarynyn-kairyluusu-tarady/"> чакырган. Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган окуядан кийин ооруканага 2 адам кайрылганын, анын бирөө укук коргоо органынын кызматкери, экинчиси улакчы экенин, бирок оюнчу аттан кулап жаракат алганы айтылды" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kok-bory-oshtogu-bashalamandyktan-kiiin-2-adam-oorukanaga-jetkirildi/"> айтылды. Ал арада УКМК башчысы чукул кайрылуу жасап, чыр чыгаргандар жазасын аларын убада кылды" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/tashiev-oshtogu-at-maidanda-chyr-chygargandar-jazasyz-kalbai-turganyn-aitty/">кылды. Милиция 25 адам бөлүмгө жеткирилгенин билдирген.