"Кой, эчки 100, бодо мал 250 сом". Малга салык салуу боюнча мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 22-майдан тартып коомдук талкууга коюлду. Мыйзам демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев.
- Айыл чарба жаныбарларына салык төлөөчү болуп 40 баш койдон жана эчкиден, 3 баш бодо малдан жана 2 баш жылкыдан ашык санда менчик укугунда ага таандык болгон айыл чарба жаныбарлары бар жеке жак саналат.
- Эгерде айыл чарба жаныбарларын баккан адамдын малынын саны ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн ашык болгон учурда жана бул адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөгөн болсо, бул адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат.
- Айыл чарба жаныбарларына салык салуу объекти болуп айыл чарба жаныбарларына болгон мүлктүк укук саналат.
- Ушул главада каралган салык режими 40 баш койдон жана эчкиден, 3 баш бодо малдан жана 2 баш жылкыдан ашык мал баккан адамдарга (мындан ары – салык төлөөчү) гана карата колдонулат.
- Айыл чарба жаныбарларына салык ушул главага ылайык салыкты төлөө милдетин карайт.