"Көбүбүз сойкубуз". Сойку делген кыз-келиндердин бети ачык сүрөттөрүнө соцтармак кандай реакция кылды?
Кечээ, 27-ноябрда УКМК Бишкек" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkekte-10-soikukanadan-70-kyz-anyktaldy-arasynda-studentter-da-bar/">Бишкек шаарында жана Чүй" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/67-kyz-kelin-karmalgan-ukmkda-dagy-bir-chet-eldikterdi-teilegen-soikukanany-anyktady/">Чүй облусунда бир нече сойкуканада 130дан ашуун кыз-келиндердин аныкталганын маалымдап, пресс-релиз менен кошо алардын бети ачык көрүнгөн сүрөттөрүн, паспортторун кошо жарыялады.
Бул коомчулуктун көз жаздымында калган жок. Соцтармактын колдонуучуларынын көбү кыз-келиндердин сүрөтү ачык көрсөтүлгөнүнө нааразычылыгын билдиришүүдө. Бирок сабак иретинде алардын сүрөтү жашырылбай берилгенин колдогондор да бар.
Адатта жогорудагыдай маалымат укук коргоо органдары тарабынан берилген учурда кармалган жарандардын көзү жашырылып, аты-жөнүнүн бир гана баш тамгалары жазылат.
width="500" height="207" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">