Бишкек алдыда, Баткен менен Чүй артта. 80 окуучу артыкчылык аттестатын алат
80 окуучу артыкчылык аттестатын алары маалым болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
2021-2022-окуу жылында “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугун ырастады.
Алар:
Баткен облусу - 3 окуучу
Бишкек шаары - 37 окуучу
Жалал-Абад облусу - 11 окуучу
Нарын облусу - 1 окуучу
Ош шаары - 3 окуучу
Ош облусу - 15 окуучу
Талас облусу - 3 окуучу
Чүй облусу - 1 окуучу
Ысык-Көл облусу - 6 окуучу