Abank
SerepTV Logo

"Кийинкиси ким?". Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу даректүү тасма тартылды

"Кийинкиси ким?". Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу даректүү тасма тартылды

Ала качуу жана Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү тууралуу даректүү криминалдык тасма тартылды. Тасманын бет ачары 27-февралда “Ала-Тоо” кинотеатрында саат 19:00дө болот.

Кинорежиссер Султан Усувалиев 24.kg агенттигине "Кийинкиси ким?" тасмасында 2021-жылдын 5-апрелинде топ адамдар тарабынан ала качылып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова тууралуу бандалат. 

"Тасмада кызды куугунтуктоо жана аны никеге турууга мажбурлоо, ала качуу жана башка кыргыз коомчулугунда көнүмүш адатка айланган жүрүм-турум жагдайлары чагылдырылган", - деген режиссер. 

Айзада Канатбекованы 2021-жылдын 5-апрелинде уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Адам уурдоого шектелип 5 жаран кармалган жана ал жарандарга карата сот" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/uurdalyp-oltyrylgon-aizada-kanatbekovanyn-ishi-boyuncha-sottun-okymy-chykty/">сот өкүмү чыккан. Үч айыпталуучу 7 жылга, эки айыпталуучу 6 жарым жылга эркинен ажыратылган. Күнөөлүүлөр Айзада Канатбекованын жакындарына моралдык жана материалдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген.