"Кичинесинен ырдайт". Аккордеон менен жарамазан айтып, мактоого татыган өспүрүм тууралуу маалымат (сүрөт, видео)
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу балдардын жарамазанды аткарган видеосу менен бөлүшкөн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/akkordeon-shyldyrak-menen-jaramazan-aitkan-baldardyn-videosu-tarady/">бөлүшкөн. «Жарамазанды ушинтип ырдайт, көчөдө эмес, үйлөрдө. Бул видеону көргөн балдар үлгү алышат деп үмүттөнөм», — деп жазган ал.
Видеодо ырдап жаткан бала көпчүлүктүн мактоосуна ээ болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине видеонун Бакай-Ата районунун Үрмарал айылында тартылганы маалым болду. Агасынын айтымында, видеодогу анын 5-класста окуган иниси Бакыткелди Кененбеков.
"Иним 2011-жылы туулган. Учурда 5-класстын окуучусу. Аккордеонду агайынан үйрөнгөн. Атам да жакшы ырдайт. Иним кичине кезинен эле жакшы ырдайт. Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдык мааракесине карата өспүрүмдөр арасындагы сынакта 1-орунду алып келген. Жарамазанды быйыл эле айтып жатат", - деди агасы.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/04/whatsapp-image-2023-04-05-at-11.16.23.jpeg" alt="" width="563" height="1000" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/04/whatsapp-image-2023-04-05-at-11.16.24.jpeg" alt="" width="750" height="900" />