Кеминде 1 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаш кыздын жансыз денеси табылды
Кемин районунда дайынсыз жоголгон 24 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга 3-мартта жергиликтүү тургундардан кыздын сөөгү тоодон табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. «Маркум 24 жаштагы И.Э. Ал 6-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан. Жансыз денеден зомбулуктун белгилери табылган эмес. Тергөө иштери башталды. Экспертизалар дайындалды», - деп айтылат маалыматта.