Abank
SerepTV Logo

Кечээ түзүлүп, бүгүн кармалып... Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетине кимдер кирген? Тизме

Кечээ түзүлүп, бүгүн кармалып... Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетине кимдер кирген? Тизме
Кечээ, 22-октябрда Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитети түзүлгөн. Бүгүн, 23-октябрда комитеттин айрым мүчөлөрүнүн үйүнө милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнү келишип" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kempir-abaddy-korgoo-boyuncha-komitetinin-mycholory-yiyndo-tintyy-jyryp-jatkanyn-kabarlashuuda/">келишип, кээ бирлери милиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kempir-abaddy-korgoo-boyuncha-komitetinin-airym-mycholory-milicziya-bolymyno-jetkirilyydo/">жеткирилүүдө. Комитет 15-октябрда Өзгөндө өткөн курултайда кабыл алынган резолюциянын негизинде түзүлгөн. Ага саясатчылар, жарандык активисттер жана суу сактагычтын тагдырына кайдыгер эмес жарандар кирген.
  • мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов;
  • экс-депутат Асия Сасыкбаева;
  • депутат Адахан Мадумаров;
  • Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова;
  • депутат Исхак Масалиев;
  • БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
  • УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев;
  • жарандык активист Гүлгакы Мамасалиева;
  • мурдагы элчи Азимбек Бекназаров;
  • экс-депутат Эркингүл Иманкожоева;
  • экс-депутат Равшан Жээнбеков;
  • экс-депутат Ыргал Кадыралиева;
  • мурдагы губернатор Бектур Асанов;
  • экс-депутат Кубанычбек Кадыров;
  • укук коргоочу Рита Карасартова;
  • жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов;
  • жарандык активист Перизат Суранова;
  • экс-депутат Канат Исаев;
  • Финполдун мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев;
  • экс-депутат Орозайым Нарматова.