Abank
SerepTV Logo

Казакстанда аял 45 жыл тизесиндеги ийне менен жүргөн

Казакстанда аял 45 жыл тизесиндеги ийне менен жүргөн
Алматынын тургуну 45 жыл тизе муунунда ийне сайылган бойдон басып жүргөн. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. Борбордук шаардык клиникалык ооруканага жарым кылымга жакын убакыттан бери оң тизе муунуна тигүүчү машинанын ийнеси сайылган аял кайрылган. Аялдын айтымында, ал бала кезинде жаракат алган. «Ошол жылдар бою ал мени мынчалык кыйнаган эмес, быйыл гана ооруп, оору күн сайын күчөдү. Аксап калдым. Ошондуктан ооруканага бардым. Рентгенге түшүп, операция керек деп айтышты", - дейт бейтап. Борбордук шаардык клиникалык оорукананын травматологдору ийнени жарым саат операция жасап алып салышкан. Операциядан кийин аял аксабай баса баштаган, ооруганы да басылган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="173186,173187"]