Abank
SerepTV Logo

"Каза болуп калган жубайымдын апасына жанымды берет элем" дейт 4 баласы менен үйлөнгөн SUPERTV’нын каарманы

"Каза болуп калган жубайымдын апасына жанымды берет элем" дейт 4 баласы менен үйлөнгөн SUPERTV’нын каарманы
Мындан беш ай мурда SUPERTV’га “Жубайым күтүүсүз каза болуп, 4 бала менен калдым. Кичүүсү 2 айлык” деген 32 жаштагы атанын маеги жарык көргөн. Видеону ушул күнгө чейин 600 миңге жакын адам көрдү. Каарманыбыз элден 450 миң сом чогулганын жана балдарына эне, өзүнө сүйүктүү жар тапканын кабарлады. Биздин чыгармачыл топ Фарух Эргашовду куттуктап, кабар алып келди. "Мен үйлөнөрүмө уруксатты биринчи эле каза болуп калган жубайымдын апасынан сурадым. Ошол кишинин айткан сөзү жүрөгүмдө. "Балам, жүрөгүм таштай катып жатат, бирок ал нерсе керек" деди. Мен жардам берип турайын деди. Кичүү кызыбыз тайнесине барып-келип турат. Ошол адамга жанымды берет элем. Аябай ыраазымын", - деди ал.