"Каза болду, сөөгүн алып кеткиле дешкен, келсек, жок". "Бөрү" жоокери Жамал Тойчиев изделүүдө
Баткендин Бужум айылында "Бөрү" атайын дайындоодогу отрядынын жоокери катары кызмат өтөгөн 1985-жылы туулган Жамал Тойчиев изделүүдө. Аны туугандары издеп жатышканын жаш саясатчы Темирлан Султанбеков соцтармактагы баракчасына жарыялады.
"Акыркы жолу бир сутка мурда командирине байланышкан. Кийин ата-энесине уулунун каза болгонун айтышып, Ошко чакырышкан. Бирок келгенде анын сөөгүн таба алышкан эмес. Балким, араңыздарда аны билген адамдар бардыр", - деп жазылат билдирүүдө.