Abank
SerepTV Logo

Каза болду делип, бирок табылбай жаткан аскердин апасы: "ДНК-анализдин жыйынтыгы чыга элек"

Каза болду делип, бирок табылбай жаткан аскердин апасы: "ДНК-анализдин жыйынтыгы чыга элек"
6-октябрда УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, Чек ара кызматынын бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылганын билдиришкен. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/batkende-asker-kyzmatkerinin-denesinin-kaldyktary-tabyldy-al-dastan-anarbekov-bolushu-mymkyn/">билдиришкен.  «Тилекке каршы, дене сыртынын 90 пайызынан ашыгы жабыркагандыктан анын аты-жөнүн дароо аныктоо мүмкүн болгон жок. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады. Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамды аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза — ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды», — дешкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Дастан Анарбековдун апасы менен байланышканыбызда, ДНК-анализдин жыйынтыгы чыга элегин билдирди. "20-октябрларда чыгат дешкен. Бирок чыга элек. Жыйынтыгы чыгып калса, биз адваокаттын жардамы менен өз алдыбызча кайра анализге берүүгө аракет кылабыз",- дейт апасы.