Abank
SerepTV Logo

Катуу сууктан улам окуучулардын каникулу узартылышы ыктымал

Катуу сууктан улам окуучулардын каникулу узартылышы ыктымал
"Саламаттыкты сактоо министрлиги Билим берүү министрлигине окуучулардын каникулун узартуу тууралуу сунушун жөнөттү. Эртең, 9-январда чечим чыгып калышы ыктымал". Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды. Бул билдирүүгө чейин эл өкүлү 11-январда катуу суук күтүлүп жатканын жана дал ошол күндөн тарта балдар сабакка барышарын жазган болчу. Депутаттын айтымында, ал билим берүү министринен каникулду бир канча күнгө онлайн-форматта окутууга өткөрүп турууну суранган.