Түнү жапжарык кош жылдызды көрдүңүзбү? Юпитер менен Венеранын сүрөтү
Венера жана Юпитер планеталары 1-мартта түнкү асманда бири-бирине жарым градуска жакын жакындады. Бул тууралуу Space.com жазды.
22-24-февралда Юпитер, Ай жана Венера дээрлик бир катарга тизилди.
Планеталар парады – Күн системасынын бир нече планеталары күндүн бир тарабында болуп, асмандын кичинекей бөлүгүндө бир катарга тизилип турганда пайда болгон астрономиялык кубулуш. 22-февралда Айдын жанынан Венераны көрүүгө болот эле, эртеси аларга Юпитер кошулду. Бардык үч асман телолору болжол менен бирдей аралыкта жайгашкан.