Карындашын сабаган адамды аткан аганын окуясы. Акыйкатчы үн катты
Чүйдө карындашын сабаган адамды атып өлтүрүүгө шектелген аганын окуясы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/karyndashyn-chachynan-tartyp-sabagan-chyido-karyndashyn-kordogon-adamdy-atyp-oltyryygo-shektelgen-jaran-karmaldy-foto/">окуясы боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматова үн катты. Анын айтымында, тийиштүү тапшырма Акыйткачы институтуна түнү берилген.
Алдын ала маалымат боюнча:
- Бүгүн, 2-июлда сотто агасынын бөгөт коюу чарасы каралат (Акыйткачы институтунун кызматкерлери мониторинг жургүзөт, Аселден арызын алат (макул болсо);
- Бүгүн дем алыш күн болгонуна байланыштуу институттан ИИМге оозеки өтүнүч айтылды - агасынын психологиялык экспертизадан тез өткөрүү керектигин, анткени аффект деген түшүнүк бар. Бул иш үчүн абдан маанилүү, бирок көп учурда кылынбайт;
- Окуя боюнча институт ишин улантат.
Акыйкатчы ишти Башкы прокуратура көзөмөлүнө алганын да жазды.