Караколдуктар түп көтөрүлө түнү менен изделген кыз табылды
Кечээ, 16-ноябрда социалдык тармактын колдонуучулары караколдуктар түп көтөрүлө 8-класстын окуучу кызын издеп жатышканын жазышкан.
Бүгүн, 17-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришкендей, кыз аман-эсен үйүнүн жанынан табылган. "Кыз бүгүн саат 07:00 чамаларында үйүнүн жанынан табылды. Кыз үйүнүн жанынан өзү келген", - дешти.