Abank
SerepTV Logo

Караколдо төрөттөн көз жумган келиндин жакындары милицияга арыз менен кайрылган эмес

Караколдо төрөттөн көз жумган келиндин жакындары милицияга арыз менен кайрылган эмес
Караколдо төрөттөн көз жумган 23 жаштагы келиндин жакындары милицияга арыз жазган эмес. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 23 жаштагы келин" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/karakoldo-23-jashtagy-kelin-torotton-kaza-boldu-ymyrkaiynyn-abaly-aityldy/"> каза болгон. “Ак-Суу районундагы Токтогул айылынын тургуну 23 жаштагы келин төрөт үйүнө 9-сентябрда оор абалда келген. Келин келгенде аябай энтигип, шишип кеткен. Келинге кесарево жасалып, андан кийин аппаратка жаткырылган. Бир күн аппаратта жатып, келин каза болуп калды. Баласы аман-эсен. Келиндин биринчи төрөтү болгон. Абалынын оор экенине карабай, туугандары үч күн дарыгерлерге кайрылган эмес. Өтө начар абалга келип калганда төрөтканага келген. Баласы аман, абалы оор болчу, дарыгерлерлердин көзөмөлүндө”, — деген Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо координатору Жаңыл Акунова.