Караколдо “Салафия” агымынын мүчөлөрүнө карата издөө иштери жүргүзүлдү
“Салафия” салттуу эмес диний агымынын мүчөлөрүнө карата издөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Салафия” салттуу эмес диний агымынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө салттуу эмес диний агымынын активдүү мүчөлөрүнүн даректеринде сот тарабынан санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ок-дарылары менен ок атуучу курал, диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчү, флеш-карталар, компакт-дисктер жана уюлдук телефондор түрүндөгү буюм далилдери табылып алынды жана процессуалдык негизде документтештирилди.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, табылган диний материалдар боюнча теологиялык экспертиза дайындалды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="207200,207201,207202,207203,207204"]