Abank
SerepTV Logo

Караколдо өткөн этно фестивалда Ош шаары алдыңкы орундарга татыды

Караколдо өткөн этно фестивалда Ош шаары алдыңкы орундарга татыды
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр акенин 200 жылдык, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелерине арналган "Улут баскан улуу жол" аттуу IV-этно фестивалынын алкагында өткөн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ysyk-koldo-sadyr-akenin-200-jyldygy-kydyr-akenin-180-jyldyk-maarakeleri-otyydo/">өткөн кароо-сынактарда Ош шаары байгелүү орундарга ээ болду.
"Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы" жана "Этно мода" сынагында 1-орундарды камсыздашса, "Хан боз үйлөр жасалгасы жана каада-салт" сынагында 2-орунга татып акчалай сыйлыка татышты.
"Улут баскан улуу жол" аттуу этно фестивалдын алкагында эл аралык «Кыргыз-Казак» айтышы, «Ысык-Көл – Боз үй мекени», «Хан боз үйлөр» жана «Каада салт», «Кол өнөрчүлөр жана шырдак дүйнөсү», «Этно мода», «Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы», «Тарыхтан калган так теке» сынактары уюштурулган.