Abank
SerepTV Logo

Караколдо 23 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Ымыркайынын абалы айтылды

Караколдо 23 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Ымыркайынын абалы айтылды
Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо координатору Жаңыл Акуновага байланышканыбызда билдирди. “Ак-Суу районундагы Токтогул айылынын тургуну 23 жаштагы келин төрөт үйүнө 9-сентябрда оор абалда келген. Келин келгенде аябай энтигип, шишип кеткен. Келинге кесарево жасалып, андан кийин аппаратка жаткырылган. Бир күн аппаратта жатып, келин каза болуп калды. Баласы аман-эсен. Келиндин биринчи төрөтү болгон. Абалынын оор экенине карабай, туугандары үч күн дарыгерлерге кайрылган эмес. Өтө начар абалга келип калганда төрөтканага келген. Баласы аман, абалы оор болчу, дарыгерлерлердин көзөмөлүндө”, - деди Акунова. Маалыматтарга караганда, келиндин күйөөсү дарыгерлерге каршы арыз жазган эмес.
Unknown Author