Кара-Көл — Таш-Көмүр жолундагы кырсык. Айдоочу унааны башкара албай калган
Кара-Көл — Таш-Көмүр жолунда унаа жардан кулап кеткени маалым болгон. Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 25-июлда катталган. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kara-kol-tash-komyr-jolunda-unaa-jardan-kulap-ketken-syrot/">катталган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 402-чакырымында “BYD BYD BEV” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаа каражатын башкара албай, жолдун сол тарабына түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандар бар. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- дешти.