Abank
SerepTV Logo

Кар жиреп мектепке барган мугалимдер эсиңиздеби? Аларга эс алууга жолдомо беришти

Кар жиреп мектепке барган мугалимдер эсиңиздеби? Аларга эс алууга жолдомо беришти
1-мартта Билим берүү жана илим министрлигинде мугалимдик кесипти аркалап, үлгү боло алган мугалим айымдар кабыл алынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Министр Догдуркул Кендирбаева жолугушууда кадыресе жумушунда каармандык көрсөтүп, ак дилден эмгек кылып, келечек муунга билим берип жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирди. «Баланы сүйүп, балдарга мээрим берип, жумуштан ырахат алып иштеңиздер», - деди Догдуркул Кендирбаева. Буга чейин социалдык тармактарда кар кечип, мектепте сабакты үзгүлтүккө учуратпай барган Кара-Кулжа районундагы А.Турганбаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Каныкей Ыдырысова жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери Дамира Султанбаева, Бактыгүл Дадакееванын видео тасмалары калкка кеңири тараган. Мектепте билим гана бербестен тарбиялык иштерде үлгү көрсөтүп, социалдык жактан аз камсыз болгон эки окуучуга жардам көрсөтүп, бирин дарылоого көмөк көрсөтүп, үй шартын дагы оңдоп, актап сырдап чыгышкан. Бул кайрымдуулук иштерге ыктыярчы кылып окуучуларды дагы тартып, башкаларга үлгү көрсөткөн Токмок шаарындагы №5 орто мектептин үч мугалими Аида Абирова, Фатима Бейшекеева, Мээрим Кеңешбек кызы министрдин кабыл алуусунда болушту. Аларга ыраазычылык кат тапшырылды. Жолугушууга билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев да катышып, активдүүлүгүн көрсөткөн мугалимдерге жайында Ысык-Көлдө 10 күн эс алууга жолдомо берсе, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан да 5 күндүк эс алууга жолдомо берилди.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ (@bilimilimkg)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026