Abank
SerepTV Logo

Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны

Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны
Бүгүн, 24-февралда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны.

Каныбек Иманалиев 1969-жылы 11-майда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. 1987-1989-жылдары Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн. Билими жогору. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1998-жылы Орусиянын президентинин алдындагы мамлекеттик кызмат академиясын "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:
  • 1992-1994 — "Асаба" гезитинин кабарчысы
  • 1994-1995 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын референти
  • январь, 1996 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси
  • июль, 1996 – декабрь, 1999 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын маалымат катчысы
  • декабрь, 1999 — декабрь 2004 — "Учкун" АКнын президенти
  • 2000-2005 — Бишкек шаарынын №2 Жайыл шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитеттин мүчөсү
  • 2005-2007 — №62 Аламүдүн шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты
  • декабрь, 2008 – ноябрь, 2010 — Кыргызстан-Орусия Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору
  • октябрь, 2010 — "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы
  • октябрь, 2015 — "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.
  • февраль, 2023- Билим берүү жана илим министри