Канттын тургуну: "Ок атышуунун үндөрү абдан катуу угулуп жатты"
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Канттын тургуну менен байланышканыбызда, ок атышуунун үндөрү саат 07:00 чамасынан баштап катуу угула баштаганын айтып берди.
"Биз ок атышуу болуп жаткан Дмитриевкага жакын болгондуктан ок атышуунун үндөрү катуу эле угулуп жатты. Атышуу саат 07:00 чамасында башталды окшойт. Жолдошум "медресени кылмышкерлер басып алганын айтып жатышат" деди. Милиция кайгуул кылып жүрөт. 08:40тарда октун үндөрү токтоду",- деди тургун.
Ал эми ИИМден медресе тууралуу маалымат берише элек.