Abank
SerepTV Logo

Канттагы саунада жарым жылаңач кыздар менен жүргөн милиция кызматкери кызматтан бошоду

Канттагы саунада жарым жылаңач кыздар менен жүргөн милиция кызматкери кызматтан бошоду
Буга чейин социалдык тармактарда Канттагы саунада тартылган деген видео тараган. Видеодо автор «ИИМдин кызматкери сойкуканада эмне кылып жүрөт?» деп суроо салган. Чүй ОИИБден окуя 9-майда Ысык-Ата районунун аймагында болгонун билдиришип, кызматтык иликтөө жүрөрүн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/iimdin-kyzmatkeri-soikukanada-emne-kylyp-jyrot-degen-video-boyuncha-milicziya-yn-katty/"> айтышкан. 
Облустук милициядан кызматтык иликтөө жүргөнүн билдиришти. "11-майда социалдык тармактарга белгисиз бөлмөдө формачан милиция кызматкери жана анын жанында жарым жылаңач кыздар отурганы тартылган видео тараган. Видеодо милиция кызматкери Кант шаарындагы сауналардын биринде экени айтылган. Териштирүүдө видеого тартылып калган формачан кызматкер - бул Ысык-Ата РИИБдин кызматкери милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү экендиги аныкталды. Кызматтык иликтөөнүн корутундусу боюнча Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин 13-майындагы буйругу менен ал укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулду. Мындан тышкары, кызматкерлердин ишине тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн Ысык-Ата РИИБдин жетекчилигине жана жооптуу кызматкерлерге (жалпы 8 кызматкерген) «катуу сөгүш», «сөгүш» тартиптик жазалары жарыяланды", - дешти.