Abank
SerepTV Logo

Кандай экен? Ошто эки деңгээлдүү өтмөк курулат (видео)

Кандай экен? Ошто эки деңгээлдүү өтмөк курулат (видео)

Ош шаарындагы Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө, Монуев, Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн курулуучу өтмөктү курууга даярдыктар башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Бул Ош шаарында жасалуучу негизги ири долбоорлордун бири. Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда элге түшүндүрүү иштери, кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен имараттарды алып салуу, курулуш иштерин баштоо үчүн долбоордо каралган жерлерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.