Royal
SerepTV Logo

Камчыбек Ташиевдин рейтинги кескин өстү

Камчыбек Ташиевдин рейтинги кескин өстү
Эл аралык республикалык институттун (IRI) сурамжылоосу боюнча өткөн жылга салыштырмалуу Камчыбек Ташиевге ишенгендердин саны 8 пайызга өсүп 22 пайызды түзгөн. Былтыркы көрсөткүч 14 пайыз болчу. Рейтингдин сап башында Садыр Жапаров турат – 37% (былтыр 35% болчу). З-орунда Нуржигит Кадырбеков – 12% (былтыр 13% болчу). Ал эми Адахан Мадумаровдун рейтинги 3 пайызды түзүп, былтыркыдан эки эсеге азайып кеткен (былтыр 6% болчу).