Камчыбек Ташиев Тажикстанга барып, Ятимов менен жолукту
Бүгүн, 1-декабрда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти жана калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="216823,216824,216825,216826"]