Abank
SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев Сузакта 5 миңге чукул кишиге иптар өткөрдү

Камчыбек Ташиев Сузакта 5 миңге чукул кишиге иптар өткөрдү

Кечээ, 19-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы жергесинде 5000ге чукул орозо кармаган мусулмандарга ооз ачыруу өткөрдү. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазышты.

Ооз ачууга Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары да чакырылган. Дин аалымдары тарабынан Орозонун пазилеттери тууралуу баян айтылып, жалпы өткөн момун-мусулмандарга арналып куран окулган. Камчыбек Ташиев чогулган элге сөз сүйлөп, кирип келген Орозо Айт майрамы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирген.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="175795,175792,175813,175814,175793,175794,175817,175816"]