Камчыбек Ташиев: "Жалал-Абадда 3000 ипотекалык батир курулуп жатат"
Кечээ, 2-декабрь күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда Мамлекеттик ипотекалык компаниялардын курулуш иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
"Үйлөр ипотекага 25 жылга 4 пайыз жана 8 пайыз менен берилет. Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, биринчилерден болуп мугалимдер, медицина кызматкерлери жана үйгө муктаж жарандар алышат. Негизги максат - чет өлкөдө үй алабыз деп иштеп жүргөн мигранттарды мекенге кайтарып, аларды үйлүү кылуу", – деди Камчыбек Ташиев.
Жалал-Абад облусунда мамлекеттик ипотекалык компаниянын 3000 батирдин курулушу жүрүп, төртүнчү курулуш иштери башталуу алдында турат. Алар Жалал-Абад шаарында 3 жерде жана Сузак районунун Ленин, Сузак айыл өкмөттөрүндө 2 жерде курулуш иштери жүрүп жаткан учуру. Курулуштарды сапаттуу жана ыкчам турдө жүргүзүү талабы эскертилип, бир жылдын ичинде бүткөрүү тапшырмасы берилди.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="216984,216985,216986"]