Камчыбек Ташиев Чүйдөгү ишембиликке жана көчөт отургузууга катышты (сүрөт)
Бүгүн, 15-апрелде Чүй облусунун Жаңы-Жол айылындагы Анарбек Бакаев атындагы паркта УКМКнын аскер кызматкерлеринин катышуусунда 300 түп көчөт отургузулуп, андан соң ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Иш-чарага Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Анарбек Бакаевдин жубайы, жакын туугандары жана айыл тургундары катышты. Акциянын максаты - жергиликтүү тургундардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу жана паркта жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат. Өз кезегинде УКМК төрагасы бак-дарактарды отургузуу калктуу конуштарды өнүктүрүүгө жана келечектеги урпактарга эң жакшы мурас калтырууга себеп болорун белгиледи. Аны менен катар Ташиев паркка ысымы ыйгарылган генерал-лейтенант Анарбек Бакаев эгемендүү Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын түптөлүшүнө зор салым кошконун, элдин кызыкчылыгы үчүн жан аябаган жалындуу патриот катары элдин эсинде сакталып кала берерин кошумчалады.
Өз кезегинде Жаңы-Жол айылынын тургундары жана Анарбек Бакаевдин үй-бүлө мүчөлөрү бир канча жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай келе жаткан парктты көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="175000,175001,175002,175003,175004,175005,175006"]