Abank
SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев чек арадагы атышуу боюнча: "Тажик тарап алдын ала даярданган"

Камчыбек Ташиев чек арадагы атышуу боюнча: "Тажик тарап алдын ала даярданган"
"Баткен облусунда учурда абал тынч, бирок чыңалуу бар". Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. "Коңшу өлкө менен болгон чатактагы негизги мүнөзүн айта кетейин. 5 жерде бирдей биздин чек арага чабуул жасалды. Анын төртөө аскердик объектилер болгон. Ал эми бирөөсү жашоочулар жашаган аймак. Самаркандекте 10 имарат зыян тартты. 4 жай тургун жаракат алышкан. Негизги өзгөчөлүгү биздин жарандык объектилерди аткылашты. Бул өтө кооптуу. Муну биз жаман кабыл алдык. Кайталана турган болсо, адекваттуу чараларды көрөбүз. 2 аскер жаракат алды. Калгандары баары тынч. Провокация болгон. Алар алдын-ала даярданышкан. Алар алдын ала позициясын даярдашкан", - деди Ташиев.
width="500" height="392" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">