Royal
SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев Чаткал дарыясына салынып жаткан чакан ГЭСтердин курулушун баштап берди

Камчыбек Ташиев Чаткал дарыясына салынып жаткан чакан ГЭСтердин курулушун баштап берди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 28-июнь күнү Чаткал өрөөнүндө алгачкы "Башкы-Терек" ГЭСнин имаратында капсула салуу аземине катышты.
Чаткал дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоордо 4 чакан ГЭС каралып, 3 жыл ичинде курулуп бүтөт. Долбоор Министрлер кабинетинин 2024-жылы 27-августундагы 523-токтомуна ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке онөктөштүк (МЖӨ) алкагында ишке ашырылып жатат. ГЭСтерге "Гран Холдинг" ЖЧКсы инвестор болгон. Чаткал каскад ГЭСтери Каныш-Кыя айыл аймагына курулат. Алар (Башкы-Терек, Коргон-Сай, Чуңкурчак, Айгыр-Жал). Бул долбоор ишке ашса Чаткал өрөөнү туруктуу электр энергия менен камсыз болот жана Ала-Бука жана Таласка да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Белгилей кетсек, Чаткал өрөөнүндө биринчи жолу ГЭС салынып жатат. Бул өлкөдөгү жеке өнөктөштөр тарабынан курулуп жаткан эң ири долбоор болуп саналат.