Abank_oct
SerepTV Logo

Жаңы Ош базарынын негизги курулушу аяктады, эми жол инфраструктурасы бүткөрүлүүдө

Жаңы Ош базарынын негизги курулушу аяктады, эми жол инфраструктурасы бүткөрүлүүдө
 
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы Ош базарына барып, аткарылган иштер менен таанышты.

Бүгүнкү күндө базардын негизги курулуш иштери аяктады. Соодагерлер жана кардарлар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, кышында жылуу, жайында салкын болуучу соода жайлары курулду. Учурда базарга алып баруучу жолдун курулушу, инженердик тармактарды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү сыяктуу сырткы иштер уланууда. Каныбек Туманбаев калган иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров билдиргендей, жаңы Ош базарын 2027-жылдын жаз айларында ачуу пландалууда. Базар сырткы инфраструктуралык иштер толук аяктагандан кийин пайдаланууга берилет.

SEREP MEDIA