Abank
SerepTV Logo

Ташиев Баткенде ур-токмоктон каза болгон келин тууралуу үн катып, кыз-келиндерге кайрылды

Ташиев Баткенде ур-токмоктон каза болгон келин тууралуу үн катып, кыз-келиндерге кайрылды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/batkende-22-jashtagy-kelin-koz-jumdu-milicziya-joldoshun-karmady/">каза болгон 22 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгонун жазды.

"Атайын кайрылам, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар! Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө милдеттүүбүз. Эне бар үй-бүлө да бар, мекенибиз болот!" - деп жазды ал.

Баткендин Кадамжай районунда 22 жаштагы келин каза болгон. Милициядан кылмыш иш боюнча анын жолдошуна айып тагылып кармалганын билдиришти.