Royal
SerepTV Logo

Камчы Көлбаевдин сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Ысык-Көлгө алып кетишкени айтылды

Камчы Көлбаевдин сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Ысык-Көлгө алып кетишкени айтылды

Кечээ, 4-октябрда өлтүрүлгөн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/%e2%9a%a1%ef%b8%8fkamchy-kolbaev-ataiyn-operacziyada-oltyryldy-ukmk-maalymatty-yrastady/">өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин сөөгү туугандарына өткөрүп берилген. Бул маалыматты Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан тастыкташты. 

Ал эми жергиликтүү ЖМКлар сөөктү аны туулган жери болгон Ысык-Көлгө алып кетишкенин жазып жатышат.

4-октябрда саат 15:30 чамасында Бишкектин Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Блондер паб» ресторанында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармоо операциясы жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkekte-kamchy-kolbaevdi-karmoo-jyryp-jatkany-maalymdaldy/">чыккан. Соцтармакта кармоо операциясынын жүрүшүнөн ок атышуунун үндөрү угулган видеолор да тараган. Кийинчерээк УКМК маалымат таратып, анын жок кылынганын билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/%e2%9a%a1%ef%b8%8fkamchy-kolbaev-ataiyn-operacziyada-oltyryldy-ukmk-maalymatty-yrastady/">билдирген.