Калмак-Ашуусунда изделип жаткан айдоочуну тик учактын жардамы менен табышты
Нарындын Калмак-Ашуусунан изделип" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kalmak-ashuuda-kalgan-jyk-tashuuchu-unaanyn-aidoochusu-izdelip-jatat/">изделип жаткан белоруссиялык жаран куткаруучулар тарабынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, 19-сентябрь күнү Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калган. Ошол күнү саат 23:15те ыкчам түрдө жерине 3 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан. Унаанын ээсин издөөдө ӨКМдин тик учагы бийиктиктен издөөгө жардамга келген.
Натыйжада, 20-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында Соң-Көл жайлоосунан табылды. Абалы канааттандырарлык. Учурда куткаруучулар жүк ташуучу унаанын бузулган тетигин оңдоого жардам берүүдө.