Abank
SerepTV Logo

"Кафеде идиш жууп иштеп жүргөн". Чүйдө дайынсыз болуп жаткан кыз табылды

"Кафеде идиш жууп иштеп жүргөн". Чүйдө дайынсыз болуп жаткан кыз табылды

Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан кыз табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

26-январда милицияга кыздын атасы кайрылып, анын 20 жаштагы кызы дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган арыз боюнча издөө иштери башталган.

Кечээ, 9-февралда саат 21:30 чамасында кыз Бишкек шаарындагы кафелердин биринде табылган. Ал кафеде идиш жууп иштеп жаткан. Профилактикалык иш жүргүзүлгөн соң, ата-энесине өткөрүп берилген.