Abank
SerepTV Logo

Кадамжайда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарып калды

Кадамжайда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарып калды
Кадамжайда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарып калды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Кечээ, 6-июль күнү Жийделик көлүнүн айланасында сууга чөгүп бараткан кишини милиция кызматкери байкап калган. Көлдөгү атайын куткаруучулар сууга чөгүп жаткан кишини куткармакчы болуп, бирок алы жетпей баратканын көргөн милициянын улук сержанты Расулжан Астанов сууга чөккөн жаранды куткарып чыккан. Куткарылган жаран Ош облусунун Алай районунун 41 жаштагы Исраил Алибаев экендиги белгилүү болуп, ал милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Милициянын улук сержанты Расулжан Астанов төрт жылдан бери кызмат өтөп, 7 жолу ар кандай кылмыштын бетин ачууга катышкан. Былтыркы жылы да ушул көлмөдө кызмат өтөп жүрүп бир жаранды сууга чөккөн жеринен куткарып калган.