Abank
SerepTV Logo

Кадамжайда милиция кызматкери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Кадамжайда милиция кызматкери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөттү
Кадамжайда милиция кызматкери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Кадамжай РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу Ташыбек Тургунов атындагы орто мектебинде окуган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмесин такташкан. Анын негизинде милициянын улук лейтенанты Тажидин Сатыбалдиев аз камсыз болгон үй-бүлөгө өз ыктыяры менен жардам берүүнү чечип, өз каражатына азык-түлүк алып, жеткирип берген. Жардам берилген үй-бүлөдөгү үй ээси менен үй кожейкеси эч жерде иштешпейт. Анткени үй ээси ден-соолугуна байланыштуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Анын жубайы 3 баланы багат.