Royal
SerepTV Logo

Кадамжайда жайлоого чыккан 3 адам куткаруучу чакырууга аргасыз болушкан

Кадамжайда жайлоого чыккан 3 адам куткаруучу чакырууга аргасыз болушкан

Кадамжай районунун Эки-Даван жайлоосунда Айдаркен шаарынын 3 тургуну тоого чыгып, алардын бири - 1970-жылы туулган жаран кулап кеткен.

ӨКМден билдиргендей, кесепетинен бутун кокустатып алган. Жерине саат 14:02де унаа менен 6 куткаруучу, ат менен 4 куткаруучу барган.

Саат 16:30да жерине барган куткаруучулар жабыр тарткан жаранга керектүү медициналык жардам көрсөтүп, саат 19:58де Айдаркен шаардык ооруканасына жеткиришкен. Учурда аталган жарандын абалы жакшы.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="215439,215440,215441,215442"]