Abank
SerepTV Logo

Кадамжайда мугалим айдаган унаадан кулаган окуучулар. Министрлик кимге, кандай жаза берди?

Кадамжайда мугалим айдаган унаадан кулаган окуучулар. Министрлик кимге, кандай жаза берди?

Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн №16 аппараттык кеңешмесинин протоколдук чечиминин негизинде Өрүк-Зар орто мектебинин директоруна эскертүү берилип, тарбия иштери боюнча директордун орун басары, соцпедагогдор кызмат ордуларынан бошотулгандыгын билдирди.

Ал эми 9-а-б-класстарынын класс жетекчилери иш ордуларынан бошотулду. 1-июндагы Өрүк-Зар орто мектебинин 9-класс окуучуларынын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирилген окуянын негизинде райондук билим берүү бөлүмүнүн иш планы түзүлүп, иш аракеттер жүргүзүлдү.
1-июнда Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы Өрүк-Зар орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары Hyundai Porter унаасы менен жол кырсыгына кабылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kadamjaida-porter-unaasy-menen-jol-kyrsygyna-kabylgan-okuuchular-tuuraluu-ministrlik-maalymat-berdi/">кабылган.