Abank
SerepTV Logo

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Кылмышка шектүү блогерге дагы 3 айып тагылды

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Кылмышка шектүү блогерге дагы 3 айып тагылды
Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин материалдарын эми Ош ОИИБ карайт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришти. Шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 190-берене (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу), 280-берене (бейбаштык) жана ошондой эле документтерди жасалмалоо боюнча кылмыш иштери козголгон.