“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы жыл сайын өтөт
Садыр Жапаров “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыктын милдеттери педагогикалык кесипти кеңири жайылтуу, мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин жана мыкты тарбиячыларынын алдыңкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат.
Билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга, мектепке чейинки жана башталгыч, негизги, орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө, педагогикалык кызматкерлердин эмгектик аброюн жогорулатууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
- Туруктуу негизде ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстары (мындан ары – ар жылдык республикалык конкурстар) өткөрүлсүн.
- Төмөнкүлөр белгиленсин:
- мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын предметтик мугалимдери жана башталгыч класстарынын мугалимдери, жалпы билим берүү уюмунда мугалимдик кызматта иштегендер;
- мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, методисттери, мугалимдер, музыкалык жетекчилер, мектепке чейинки билим берүү уюмунда жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарда иштегендер;
- Министрлер кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрсүн.
- илим берүү жана илим министрлиги:
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ар жылдык республикалык конкурстарды өткөрүүдө Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.