Abank
SerepTV Logo

ЖРТда эң көп балл алган Кызжибек Жээнбекованы милициядан барып куттукташты

ЖРТда эң көп балл алган Кызжибек Жээнбекованы милициядан барып куттукташты
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жалпы республикалык тестирлөөдө эӊ жогорку балл алган Ош шаарындагы Сергей Киров мектебинин бүтүрүүчү Кызжибек Жээнбекованы куттуктады.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев аталган мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу салтанатына катышып, 11-класстын бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекованы куттуктады. Ал Ош ШИИБнын атынан Кызжибек Жээнбековага, ата-энесине, класс жетекчисине белектерди тапшырып, аруу каалоо-тилектерин жолдоду. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="187056,187057,187059,187058"]