ЖРТда 222 балл алган бүтүрүүчү: "Ысык-Көлгө окууга эжемдин айтуусу боюнча барып калгам"
Жалпы республикалык тестирлөөдөн 222 балл алып, «Алтын сертификаттын» ээси болгон Жети-Өгүздөгү Кут Билим окуу тарбия комплексинин окуучусу Төлөнбек Абдыбеков СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тууралуу айтып берди.
"Мен 2005-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулгам. 5 бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн. Кут Билим окуу тарбия комплексинде 7-класстан баштап окуйм. Ысык-Көлгө эжемдин айтуусу боюнча барып калгам. Бир туугандарымдын арасында "Алтын сертификат" алган жалгыз мен эле болдум. ЖРТнын жыйынтыгы мен күткөндөй эле болду. Буюрса Кыргызстанда эле калам. АУЦА же Ала-Тоо Ататүрк эл аралык университетине тапшырайын деп жатам. Программист болууга башынан эле кызыгам, ушул жаатка тапшырам деп ойлойм", - дейт ал.