Royal
SerepTV Logo

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун графиги бекитилди

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун графиги бекитилди
Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун алкагында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты. Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт: I тур – 2023-жыл, 25-30-декабрь, II тур – 2024-жыл, 8-13-январь, III тур – 2024-жыл, 15-20-январь, IV тур – 2024-жыл, 22-27-январь. Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүүнүн бекитилген графиктеринин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуу милдеттендирилет.