Abank
SerepTV Logo

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун II туру башталды

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун II туру башталды
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекиткен. Ага ылайык, тандоо төрт турда өткөрүлөт. Биринчи тур 17-июлда башталып, 19-июлда бүткөн. Ал эми 2-тур бүгүн, 24-июлда башталып, 26-июлга чейин уланат.
  • биринчи — 17-июль саат 08:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин
  • экинчи — 24-июль саат 08:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин
  • үчүнчүсү — 31-июль саат 08:00дөн 2-август 14:00гө чейин
  • төртүнчүсү — 7-август саат 08:00дөн 9-август 14:00гө чейин