Royal
SerepTV Logo

Жогорку сот Сапар Исаковго байланыштуу чечимдерди жокко чыгарып, ишин кайра кароого жөнөттү

Жогорку сот Сапар Исаковго байланыштуу чечимдерди жокко чыгарып, ишин кайра кароого жөнөттү
Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Ага ылайык, сотко Башкы прокуратура менен Исаковдун адвокаттары 29-апрелде кайрылып, ишти жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароого жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтирген жана ал канаатандырылган. "Бишкектеги Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабарындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы чечимдери, Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы Сапар Исаковго байланыштуу токтомдору жокко чыгарылды. Кылмыш иши кайрадан жаңы териштирүү жүргүзүү үчүн Свердлов райондук сотуна судьялардын башка курамына жөнөтүлдү",- деп жазылган Жогорку сот тараткан маалыматта.